Ташиев: УКМКнын 8 кызматкери жоопкерчиликке тартылды

Sputnik
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Коррупцияга аралашкан УКМКнын сегиз кызматкери жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Ошто билдирген.
Эскерте кетсек, ал Кара-Суу районунун "Манас" спорт комплексинде жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана шаардын тургундары менен жолуккан.
Ташиевдин айтымында, УКМК башчысы Баткендин активи менен жыйналыш өткөргөн.
"Баткенде биздин кызматкерлердин арасынан сегизин жоопко тарттым. Алар коррупцияга аралашып, посттордон, ишкерлерден акча жыйнаган. Коркутат, үркүтөт... Силер УКМКнын кызматкерлеринен коркпогула. Эгер мыйзамсыз жосун жасаса мага кайрылгыла", — деди Ташиев.
Ошондой эле ал УКМК кызматкерлерине чексиз укук берилбесин кошумчалады.
Ташиев Кара-Суудагы “Манас” стадионун жыл этегине чейин оңдоону тапшырды