Салык төлөөчүлөр эми STI-161 отчетун salyk.kg порталы аркылуу бере алышпайт

Бишкек шаарынын Салык кызматынын иши. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Киреше салыгы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчетту (STI-161) Cabinet.salyk.kg сайтынан гана тапшырууга болот. Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат кызматынан билдиришти.
21-майдан тартып бул сервис Cabinet.salyk.kg сайтындагы салык төлөөчүнүн кабинетинде гана жеткиликтүү болот. Ошол эле учурда салык төлөөчүлөр STI-161 отчетун Salyk.kg порталы аркылуу бере алышпайт.
"Салык кызматы салык төлөөчүлөргө отчеттук мезгилде ыңгайсыздык жаралбашы үчүн cabinet.salyk.kg салык төлөөчүнүн кабинетине кирүү мүмкүнчүлүгүн алдын ала алууну же калыбына келтирүүнү сунуштайт", — деп жазылат маалыматта.
STI-161 отчетун тапшыруу боюнча онлайн-сервисти которуу электрондук салык кызматтарын оптималдаштыруу жана жакшыртуунун алкагында отчет берүү процессин жөнөкөйлөтүү жана маалыматтык системалардагы жүктөмдү жеңилдетүү максатында жүргүзүлүп жаткандыгы кошумчаланды.
Портфель көтөргөн ишкерелр. Архив
Кыргызстанда ак ниет ишкерлердин реестри түзүлөт. Берилчү артыкчылыктар