Кыргызстан абанын сапатын жакшыртуу үчүн 50 миллион доллар кредит алат

Аба сапатын жакшыртуу долбооруна өлкө 50 миллион доллар кредит алары белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашуу боюнча мыйзамга кол койду.
Ал Жогорку Кеңеш тарабынан 18-апрелде кабыл алынган. Ага ылайык, абанын сапатын жакшыртуу долбоорун ишке ашыруу максатында өлкө 50 миллион доллар кредит алат.
Каражат төмөнкүлөргө жумшалат:
абанын сапатын көзөмөлдөөчү автоматташтырылган станцияларды куруу жана модернизациялоо аркылуу абанын сапатын башкаруу системасын бекемдөө;
абанын сапатын текшерүү үчүн химия лабораториясын жаңыртуу;
абанын сапатын контролдоо жол-жоболорун күчөтүү чөйрөсүндө техникалык көмөк көрсөтүү;
абанын сапатын болжолдоо жана эскертүү ыкмалары;
жеке үйлөрдү жылытуу үчүн таза технологияларды киргизүүгө көмөктөшүү;
Бишкек шаарын жашылдандыруунун туруктуулугун камсыз кылуу үчүн ирригациялык системаларды куруу.
Ыштан арылуу аракети. Дүйнөлүк банктын 50 млн. долларлык долбоору макулдашылды