Казанда "Россия — Кыргызстан" аталышындагы тегерек стол уюштурулду

Форумдун алкагындагы көргөзмөдө Кыргызстандын 100дөн ашык аталыштагы экспозициясы көрсөтүлгөнү белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Казанда өтүп жаткан "Россия — ислам дүйнөсү: Kazan Forum-2024" эл аралык экономикалык форумунун алкагында "Россия — Кыргызстан" аталышындагы тегерек стол өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев
Анын жүрүшүндө экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев Кыргызстан аталган форумга, ошондой эле 100дөн ашык аталыштагы Кыргызстандын экспозициясы көрсөтүлгөн Russia Halal Expo көргөзмөсүнө активдүү катышып жатканын белгиледи.
Тегерек столдо КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун, Соода-өнөр жай палатасынын, "Кыргыз Экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча борбордун жетекчилери баяндама жасап, ага Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду, эки өлкөнүн аймактарынын, бизнес-чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты.
KazanForum-2024. Адылбек Касымалиев Марат Хуснуллин менен жолукту