Путин: Россия-Кытай өнөктөштүгү элдин жашоо деңгээлин жакшыртат. Видео

РФ лидери өз ара алака-катышта белгилей турган сыймыктананар жыйынтыктар бар экенине да токтолгон.
Sputnik
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Россия менен Кытайдын өнөктөштүгү энергетикалык коопсуздукту камсыздап, эки элдин жашоо деңгээлин жакшыртат. Бул сөздөрүн РФ лидери Владимир Путин Харбиндеги Россия-Кытайдын VIII ЭКСПОсунун ачылышына катышып жатканда айтты.
"Россия менен Кытайдын өнөктөштүгү эки өлкөнүн экономикасынын өсүшүн шарттап, энергетикалык коопсуздукту камсыздап, кымбат төлөнгөн жумушчу орундарды, жаңы өндүрүштөрдү түзүүгө, жарандарыбыздын жашоосун жакшыртууга көмөкчү болот", — деген Путин ЭКСПО менен аймак аралык кызматташуу боюнча башталган IV форумда.
Россия лидери, мындан сырткары, сыймыктануучу, өз ара алака-катышта белгилей турган жыйынтыктар бар экенине да токтолгон.
"Чыны менен эле Россия-Кытай экономикалык байланыштарынын, экономикалык кооперацияларынын жыйынтыгына сыймыктансак болот. Мындан бир нече жыл мурда эки өлкөнүн ортосундагы соодада, товар алмашууда 100 миллиард доллар бир топ эле жетишкендик деп саналса, азыр бул сан 200 милилардды чапчыды. Эгерде Кытайдын статистикасына таянсак, 240 миллиард доллар. Албетте, бул чек эмес", — деген Путин.
Эске салсак, бул күндөрү Путин Кытайда расмий сапар менен жүрөт.
Эталон! Си Цзиньпин Россия-Кытай мамилелерине баа берди