Марат Иманкулов: Кыргызстан суу боюнча келишимдерди так аткарып келет

Коопсуздук кеңешинин катчыларын Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кабыл алганы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Марат Иманкулов Борбор Азия мамлекеттеринин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын биринчи жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
1 / 2

Марат Иманкулов Борбор Азия мамлекеттеринин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын биринчи жолугушуусуна катышты.

2 / 2

Жолугушууда суу-энергетикалык, азык-түлүк, транспорттук коопсуздук жана транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыктын абалы жана келечеги талкууланды.

Жолугушууда суу-энергетикалык, азык-түлүк, транспорттук коопсуздук жана транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыктын абалы жана келечеги талкууланды.
Марат Иманкулов экономикадагы, энергетикадагы, социалдык турмуштагы терс тенденциялар башкарылгыс миграциянын жаңы толкундары үчүн шарттарды түзүп, бул коопсуздук чөйрөсүндө кризистик кырдаалдарды пайда кыларын белгилеген.
"Климаттык себептердин натыйжасында Кыргыз Республикасы суу ресурстарынын калыптанышынын башатында турганына карабастан, өзү кыйынчылыктарды баштан кечирүүдө. Өлкө үчүн белгилүү бир зыян тартуусуна карабай Кыргызстан коңшуларын суу менен камсыз кылуу боюнча бардык эл аралык келишимдерди жүз пайыз унчукпастан аткарып келет", — деген ал.
Мындан тышкары, ал транспорттук коопсуздукту камсыз кылууга дагы токтолгон.
"Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы туруктуу транспорттук өз ара байланыш эки тараптуу кызматташтыктын алкагында да, интеграциялык бирикмелер – ЕАЭБ жана ШКУ форматында болгон келишимдердин жана милдеттенмелердин негизинде да өз ара пайдалуу, басмырлоосуз негизде камсыздалышы керек", — деген Иманкулов.
Жолугушуунун алдында аларды Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кабыл алганы кошумчаланды.
Сапардын алкагында Марат Иманкулов Астанадагы Айкөл Манастын эстелигине гүл койгон.
Борбор Азиядагы суу көйгөйү: өнүгүү сценарийи жана стратегиялар