ИИМ туристтик сезондо коомдук тартипти кантип камсыздай турганын айтты

Министр мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан туризмди өнүктүрүү саясатын ар тараптуу, анын ичинде коопсуздукту камсыздоо жаатында колдоого алуу зарылдыгын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Ички иштер министри Улан Ниязбеков туристтик сезондо коомдук тартипти жана жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, иш-чарага Бишкек жана Ош шаарларынын жана аймактардагы ички иштер башкармалыктарынын жетекчилери катышкан.
Анын жүрүшүндө министр мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан туризмди өнүктүрүү саясатын ар тараптуу, анын ичинде коопсуздукту камсыздоо жаатында колдоого алуу зарылдыгын белгиледи.
"Бардык региондордо жарандардын жана чет элден келген коноктордун бейпилдигин камсыздоо үчүн коопсуздук карталары түзүлүп, кызматкерлер менен милициянын көчмө кабылдамалары ошого жараша туура бөлүштүрүлсүн. Жергиликтүү жаран болобу же чет элден келген эс алуучу болобу, милицияны издеп убара болбошу керек", — деген министр.
Ошондой эле ал аймактык бөлүм башчыларга туристтик аймактардагы кемчиликтерди жоюу боюнча жергиликтүү бийлик менен бирге иш алып барууну тапшырган.
Туристтик сезондо Ысык-Көлдөгү эс алуу жайларында медпунктулар ачылат