Жаңы ырчыларды таптоо үчүн республикалык кароо-сынак өтөт

Сынактын максаты — музыканын сапатын жогорку деңгээлге көтөрө турган уникалдуу платформа түзүү.
Sputnik
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Кыргыздын улуттук маданиятын, музыкалык искусство чеберчилигин өнүктүрүү, таланттуу жаштарга чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрдү ачып берүү багытында TALANT-show республикалык кароо-сынагы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, сынак 1-июндан 31-августка чейин өткөрүлөт.
"Сынактын максаты — музыканын сапатын жогорку деңгээлге көтөрө турган уникалдуу платформа түзүү, көрүүчүлөргө фонограммасыз ырдаган таланттуу үндүн ээлерин алып чыгуу, кыргыз эстрада ырчыларынын жаңы муунун тарбиялоо, композитор, акын, музыкант жана аранжировка менен адистешкендерди колдоо. Ага 15 жаштан 35 жашка чейинкилер катыша алышат", — дешти министрликтен.
Кароо-сынак төмөнкүдөй этаптар менен өткөрүлөт:
калыстар тобу Кыргызстандын аймактарын кыдырып, талапка ылайыктуу таланттуу жаштарды тандашат;
1-июлдан 30-августка чейин 100 талапкер алдыңкы ондукка кирүү үчүн ат салышат. Ар жумада Бишкек шаарында жана Ысык-Көлдө концерттик кароо-сынактар өткөрүлөт;
сынак эгемендүүлүк күнүнө карата жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр салтанаттуу түрдө сыйланат.
"Сынактын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар, клип тартууга колдоо, чет өлкөгө жолдомо жана баалуу белектер тапшырылат. Ал президенттин "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө", "2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу" жана "Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө" жарлыктарынын алкагында уюштурулууда", — деп кошумчалашты министрликтен.
Сынакка катышуу үчүн шилтемеге кирип катталыңыз.
Байланыш: WhatsApp: 0555444415, email: info@talantshow.kg
Робототехника, чай аземи. "Музейдеги түн" акциясы кандай өтөрү айтылды