Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШ Украина Куралдуу күчтөрү мышык ыйлаарлык абалда экенин моюндады

Ушу тапта Россиянын "Түндүк" тобунун бөлүктөрү Харьков аймагында активдүү аракеттерди көрүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. АКШ украин күчтөрүнүн абалы өтө начар деген пикирде. Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Ведант Патель билдиргенин РИА Новости жазды.
"Абал өтө оор экени анык. Бирок аскердик жардам согуш талаасындагы кырдаалды өзгөртөт деген ишенимдебиз", — деди ал.
New York Times гезитинин маалыматы боюнча, Украина Куралдуу күчтөрүнүн командирлери менен жоокерлери фронттогу абалга нааразы болуп, өлкө жаңжал башталгандан бери болуп көрбөгөндөй туңгуюкка кептелгенин белгилешкен.
Дүйшөмбү күнү президент Владимир Зеленский да РФ күчтөрүнүн ийгилигинен улам өлкө армиясы кыйын кезеңди башынан кечирип жатканын моюндаган.
Ушу тапта Россиянын "Түндүк" тобунун бөлүктөрү Харьков аймагында активдүү аракеттерди көрүп жатат. 12-май күнү өлкөнүн Коргоо министрлиги Борисовка, Огурцово, Плетеневка, Пыльная жана Стрелечья айылдары бошотулганын кабарлаган. Кийинки күнү Гатище, Красное, Мороховец менен Олейниково алынганы белгилүү болгон.
14-май күнү Харьков облустук администрациясынын башчысы Виталий Ганчев россиялык аскерлер Волчанскинин батышы менен түндүгүн көзөмөлдөп жатканын айткан болчу. Украина Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабы өз кезегинде украин бөлүктөрү чегинүүгө мажбур болгонун ачыктаган.
Кечээ Глубокое менен Лукьянцы калктуу конуштары Россиянын көзөмөлүнө алынганы маалымдалды. Ал эми 16-май күнү Липцы кыштагын бошотууга аракеттер башталган. Ганчевдин айтымында, аймакта абал оор эле, бирок россиялык армия алдыга жылууда.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Узартпай талкалоодо". Батыш Россиянын "сюрпризинен" улам коңгуроо кага баштады