АКШ Израилге токтоосуз курал берүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды

Анда Мамдепартамент, Пентагон жана Улуттук коопсуздук кеңештин бюджеттик акчаларды пайдалануусуна чектөө коюу сунушталган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. АКШнын Өкүлдөр палатасы бейшемби күнү Жозеф Байдендин администрациясын Израилге курал-жаракты үзгүлтүксүз берүүгө милдеттендирген мыйзам долбоорун колдоду. Отурумду Конгресстин төмөнкү палатасынын сайты түз алып көрсөткөнүн РИА Новости жазды.
Документти 224 конгрессчи колдосо, 187си каршы экенин билдирген. Республикачыларга киргизилген мыйзам долбоорунун текстинде конгрессчилердин "Байдендин администрациясынын Израилге бир катар куралдарды берүүнү токтотуп салганын айыптаары" жазылган.
Анда еврей мамлекетине зарыл курал-жарак жеткирилгенге чейин бюджеттик акчаларды Ак үйдүн Мамдепартамент, Пентагон жана Улуттук коопсуздук кеңешинин пайдалануусуна чек коюусу сунушталып, айтылган. Ак үйдөн буга чейин Американын тышкы саясаттагы принциптеринен улам Конгресстин АКШ президентинин аскердик жардам берүү жаатындагы мүмкүнчүлүгүн чектөө аракетин четке кага турганын айтышкан.
Мамлекеттин башчысы жакында эле CNN телеканалына берген интервьюсунда Израиль Газа секторундагы Рафах шаарына масштабдуу операциясын баштаса, аларга курал берүү токтотуларын билдирген.
Байден Газадагы миңдеген кишинин өлүмүнө АКШнын катыштыгы бардыгын моюндады