18-майга карата аба ырайы

18-майга караган түнү Жалал-Абад, Баткен региондорунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу жерлеринде кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Ишембиде көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу болорун Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустарында +22...+27, Таласта +20...+25, Баткен менен Ысык-Көл жергесинде +21...+26 градус болот.
Бишкек менен Ошто күндүн экинчи жарымында жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Күндүн табы борбор калаада +24...+26, Ошто +25...+27 градуска жетет.
39 градуска жетет! Июнь айына карата аба ырайы