№166 маршруттагы бустар автобустарга алмаштырылды

Автобустар GPS-трекер жана накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн валидаторлор менен жабдылган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Бүгүндөн баштап №166 маршрут боюнча автобус каттай баштады. Буга чейин бул каттамда кичи автобустар жүргөн. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, каттам боюнча 20 автобус 8-10 мүнөт аралыкта жүрөт.
Маршруттун акыркы аялдамалары Ауэзов көчөсүндө жана Сокулук тараптагы Алтын-Ордо конушунда жайгашкан.
"Коомдук транспорттун кыймылын "Менин шаарым" мобилдик тиркемесинен көзөмөлдөөгө болот. Алардын ар бири GPS-трекер жана накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн валидаторлор менен жабдылган", — деп айтылат маалыматта.
Мэрия бара-бара бардык кичи автобустар толугу менен автобустарга алмаштырыларын эскертти.
Бишкекте № 227 маршрут боюнча автобустар каттамга чыгарылды