Анардын ден соолукка таасири кандай?

Sputnik
Бала анар менен торолсо аны атайын белги катары көрүп, ырымдап “Анарбек”, “Анара” деген ысымдар ыйгарылат.Бирок анын медицинада кадимки шишикке кирерин көпчүлүк биле бербейт. Гемангиома адатта үч жашка чейин өзү кетип калышы керек, дейт дарыгерлер. Кандай учурда денедеги анар адамга коркунуч жаратышы мүмкүн? Аны алдырып салуу керекпи? Анар үч жаштан кийин кетпей койсо эмне кылса болот?
Биздин ушул жана башка суроолорубузга балдар кардиологу Данияр Аматов жооп берди.