Мүлктү легалдаштыруу өнөктүгүнүн мөөнөтүн узартуунун максаты кандай?

Sputnik
Экономика жана коммерция министрлиги активдерди ыктыярдуу легалдаштыруу өнөктүгүн жыл этегине чейин узартууну сунуштоодо. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.Бийлик аталган демилгенин инвестицияларды көбөйтүү, көмүскө экономиканын үлүшүн азайтуу, активдердин сакталышынын кепилдиктерин камсыз кылуу жана ээлерин мамлекеттик органдар тарабынан куугунтуктоолордон коргоо сыяктуу бир катар максаттары болгонун эске салды.
Мүлктү легалдаштыруу өнөктүгү, өзгөрүүлөр тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын жетекчиси Кубанычбек Ысабеков айтып берди.