Жалал-Абад облусунун үч тургуну күйдүргүдөн дарыланууда

Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Жалал-Абад облусунун үч тургунунан күйдүргү аныкталып, дарыланууда. Бул тууралуу Жалал-Абад район аралык ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Рома Ураимов билдирди.
Анын айтымында, бейтаптардын бирөө Көк-Жаңгак шаарында, экинчиси Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында дарыланууда. Үчүнчүсү өз алдынча Бишкек шаарына чыгып, ооруканага жаткырылган.
"Бейтаптардын айтуусу боюнча, алардын музоосу жер төлөгө түшүп кеткен. Ал жакшы болбогондуктан 22-апрелде мал доктурдан уруксат албай эле союп, алты үй-бүлөгө: туугандарына, кошуналарына таратып жиберишкен. Жалпы 104 адам байланышта болгону аныкталган. Көк-Жаңгакта 39 жаштагы, Жалал-Абаддагы 66 жаштагы аялдар. Ал эми 65теги аял өз алдынча борбор калаага барып, ооруканага жаткырылган", — деди Ураимов.
Мал союлган жерден үлгү алынып, күйдүргү топурактан аныкталды. Анткени адам текшерүүгө чейин антибиотик колдонсо анализ таза чыга берери кошумчаланды.
Буга чейин Жалал-Абаддан келген аялдан күйдүргү аныкталганын Бишкек шаарындагы Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору маалымдаган. Медиктер илдет мал этинен жукканын божомолдоп жатышкан. Анткен менен Ветеринардык кызмат бейтап илдет жуктуруп алды делген малдын эти таза экенин билдирген.
Кеминде күйдүргүгө шектелип эркек киши ооруканага жаткырылды