Жакынкы чет өлкөлөрдөгү жүк ташуу рыногу. Инфографика

Автожүк ташуулардын саны боюнча маалыматтар 2024-жылдын I кварталына карата былтыркы ушул мезгилге салыштырып берилди.
Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Россия европалык жүктөрдү ташуудан тарткан чыгымын жакынкы чет өлкөлөрдөн компенсация кылып алды.
ATI. SU жүк ташуучу биржасында РФтин жакшы мамиледе болгон коңшуларында автомобиль менен жүк ташууга суроо-талап өсүп жатканын Sputnik Ближнее зарубежье жазган.
Беларуста бир жыл ичинде 99 пайызга арбыган. Эң көбү Россиядан болуп, экспорт 30 пайызга өскөн.
Казакстанда өлкөгө киргизүү 10 пайызга, ташып чыгуу 9 пайызга көбөйгөн.
Кыргызстанга жүктөрдү былтыркыга караганда 27 пайызга көп ташып киришкен, экспорт 72 пайызга өскөн.
Россияга киргендер 17 пайызга, чыккандар 36 пайызга арбыган. Беларусь, Кыргызстан, Казакстан багыттары активдүү болуп жатканын айтышты.
Өзбекстанга алып кирүү 51 пайызга жогорулаган. Бул Россия, Казакстан жана Беларустун эсебинен болгон. Экспорттук ташуулар 24 пайызга түшүп кеткен.
ЕЭК министри: дүйнөлүк жүк ташуулар Азияга бет ала баштады