Путин: жабык аскердик альянстарды түзүү зыяндуу жана тескери натыйжа берет

Батыш өлкөлөрү Азия-Тынч океан аймагында аскердик катышуусун күчөтүп келе жатканы белгилүү.
Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Жабык аскердик альянстарды түзүү зыяндуу жана тескери натыйжа берет. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин орус-кытай сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча ЖМКга билдирүү жасап жатып билдирди.
"Биздин өлкөлөр дүйнөлүк экономиканы башкарууну жакшыртууну, Дүйнөлүк соода уюму, G20, Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык форуму сыяктуу көп тараптуу институттарды реформалоону жана аларды заманбап реалдуулукка шайкеш келтирүүнү жактайт", — деди ал.
Путин Россия менен Азия-Тынч океан аймагында ишенимдүү коопсуздук архитектурасын куруу үчүн иш жүргүзүү зарыл экенин айтып, мында жабык аскердик-саясий альянстарга орун жок экенин белгиледи.
"Биз мындай альянстарды түзүү абдан зыяндуу жана тескери натыйжа берет деп эсептейбиз", — деди РФ президенти.
Бир катар Батыш өлкөлөрү Азия-Тынч океан аймагында ар кандай шылтоолор менен аскердик катышуусун күчөтүп келе жатканы белгилүү.
Эталон! Си Цзиньпин Россия-Кытай мамилелерине баа берди