Турак жай жана унааны милдеттүү камсыздандырууну киргизүү сунушталууда

Мыйзам долбоорунун негиздемесинде жарандарды милдеттүү камсыздандыруу полистерин сатып алууга түрткү берүү зарылдыгы белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү милдеттүү камсыздандыруу системасын киргизүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы коомдук талкууга чыгарды.
Анда жарандарды милдеттүү камсыздандыруу полистерин сатып алууга түрткү берүүчү кыйыр механизмдерди колдонуу зарылдыгы белгиленген.
Тактап айтканда, кыймылсыз мүлктү каттоо, күрөөгө коюу үчүн камсыздандыруу полисин талап кылуу каралууда. Эгер мүлк күрөөгө алган тараптын күнөөсү менен бузулса кенемте төлөнбөйт.
Ошондой эле сунушталган мыйзам долбоорунда камсыздандыруу милдети транспорт каражаттарынын ээлерине, ошондой эле унаа убактылуу пайдаланууга (ижарага, лизингге берүү) берилген адамдарга жүктөлөрү кошумчаланган.
Өлкөдө 7,6 миллиондон ашык турак жай бар. Бийлик анын жок дегенде 60 пайызын камсыздандырууну максат кылууда.
Аймактарда турак жайларды камсыздандыруу жылына 600 сом, ал эми Бишкек менен Ошто 1200 сом турат.
Өлкөгө унаа менен келген туристтер машинасын камсыздандырышы керек