"Социалдык келишимге" катышууга арыздар кабыл алынып, карала баштады

Бул программада артыкчылык аз камсыз болгон, ошол эле учурда бизнес-планы бар үй-бүлөлөргө берилмекчи.
Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. "Социалдык келишим" программасына катышуу үчүн арыздар кабыл алына баштады. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, аталган программанын алкагында чакан бизнес ачуу үчүн 100 миң сом алса болот.
"Быйыл бул программага 23 миң үй-бүлө катыша алат. Анын 20 миңи республикалык бюджеттен (2 миллиард) каржыланса, калган 3 миңин Дүйнөлүк банк аркылуу алышат", — деп жазылат маалыматта.
100 миң сом кимдерге каралган:
социалдык паспорту бар же "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алган аз камсыз болгон, ошол эле учурда иш ачам деген бизнес-планы бар үй-бүлөлөргө;
социалдык келишим түзүүдө артыкчылык үч же андан көп баласы барларга, майыптыгы барларга;
"Бир айыл – бир продукт" долбоорунун жана жашыл экономиканын критерийлерине жооп берген үй-бүлөлөргө берилет.
Соңку чечимди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын, жергиликтүү кеңештердин жана Эмгек министрлигинин аймактык башкармалыктарынын жана башка ведомстволордун өкүлдөрүнөн турган комиссия кабыл алары кошумчаланды.