БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Россия менен Кытайдын мамилеси өзгөрүп жаткан эл аралык чөйрөнүн сыноосунан өттү жана ири державалардын ортосундагы мамилелердин эталонуна айланды. Бул тууралуу Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Пекинде РФ президенти Владимир Путин менен жолугушууда билдиргенин РИА Новости жазды.
"Быйыл Кытай менен Россиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 75 жыл толду. Акыркы үч чейрек кылымда кытай-орус мамилелери татаал шарттарда калыптанып, эл аралык кырдаалдын өзгөрүүсүнүн сыноосуна туруштук берип келет. Бүгүнкү күндө ири державалар менен коңшу мамлекеттердин ортосундагы мамилелердин стандартын чагылдырууда", — деген Си Цзиньпин.
Кытай лидери бул жылдар аралыгында Путин менен кеминде 40 жолу жолукканын эске салды.
"Мындай тыгыз байланыштар бизге орус-кытай мамилелеринин туруктуу жана тез өсүү динамикасын сактоого мүмкүнчүлүк берди. Мунун баары оңой келген жок, ошондуктан кылдат мамиле жасоого татыктуу", — деди КЭР төрагасы.
Ал Кытай менен Россиянын ортосундагы мамилелердин туруктуу өнүгүүсү эки өлкөнүн гана кызыкчылыгына жооп бербестен, аймактагы жана бүткүл дүйнөдөгү тынчтыкка жана гүлдөп-өнүгүүгө пайда алып келерин баса белгиледи.
"Жаңы жүрүштө биз ар дайымкыдай эле Россия менен жакшы коңшу, ишенимдүү дос жана өнөктөш болуп, эки элдин көп кылымдык достугун ырааттуу бекемдеп, көп улуттуу өнүгүүгө жана кайра жаралууга биргелешип, жалпы күч-аракет менен умтулабыз", — деди Кытай лидери.