Санэпидкөзөмөл департаментинин директору кызматтан алынды

Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жетекчиси алмашканын Саламаттык сактоо министрлиги тастыктады.
Департаменттин жаңы директору Абдыкадыр Жороев болду. Ал бул кызматты 2020-2021-жылдары да аркалаган.
Ал эми кызматынан алынган Элден Калчакеев 2023-жылдын декабрында департаментке жетекчи болуп дайындалган.
Жалал-Абад облусунун үч тургуну күйдүргүдөн дарыланууда