Садыр Жапаров Малайзиянын премьерине Ала-Арчадан кыргыздын маданиятын көрсөттү

Анвар Ибрагим улуттук каада-салт, кол өнөрчүлөрдүн эмгектерин көрүп, тамак-аштан даам таткан.
Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимди Ала-Арча жаратылыш паркына алып барды. Бул тууралуу мамлекет башычынын маалымат кызматынан билдиришти.
1 / 7

Президент Садыр Жапаров Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимди Ала-Арча жаратылыш паркына алып барды

2 / 7

Өлкө лидерлерин ал жерден төкмө акындар, алп жигиттер жана улуттук кийимчен кыздар тосуп алышты

3 / 7

Кол өнөрчүлөр аллеясын бойлото басып, өлкө лидерлери көчмөн элдин өзгөчөлүгү чагылдырылган боз үйлөрдүн инсталляциялары, кыргыз элинин улуттук каада-салты жана маданияты менен таанышып, кол өнөрчүлөрдүн устаканаларда жасап жаткан уникалдуу буюм-тайымдарын көрдү

4 / 7

Мындан сырткары, коноктор тамак-аштан даам татышты

5 / 7

Ошондой эле "Камбаркан" ансамблинин жана "Ак Марал" бий тобунун аткаруусунда концерт тартууланды

6 / 7

Бүркүтчүлөрдүн, жаачылардын жана тайганчылардын катышуусунда салттуу мергенчиликтин элементтери көрсөтүлгөнү кошумчаланды

7 / 7

Садыр Жапаров Малайзиянын премьерине Ала-Арчадан кыргыздын маданиятын көрсөттү

Өлкө лидерлерин ал жерден төкмө акындар, алп жигиттер жана улуттук кийимчен кыздар тосуп алышты.
"Кол өнөрчүлөр аллеясын бойлото басып, өлкө лидерлери көчмөн элдин өзгөчөлүгү чагылдырылган боз үйлөрдүн инсталляциялары, кыргыз элинин улуттук каада-салты жана маданияты менен таанышып, кол өнөрчүлөрдүн устаканаларда жасап жаткан уникалдуу буюм-тайымдарын көрдү. Мындан сырткары, коноктор тамак-аштан даам татышты", — деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле "Камбаркан" ансамблинин жана "Ак Марал" бий тобунун аткаруусунда концерт тартууланып, бүркүтчүлөрдүн, жаачылардын жана тайганчылардын катышуусунда салттуу мергенчиликтин элементтери көрсөтүлгөнү кошумчаланды.
Садыр Жапаров Малайзиянын премьер-министрин чоң салтанат менен тосуп алды