Россиянын куралдарынын катарына эми "Булава" кошулду. Инфографика

Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Россиянын Куралдуу күчтөрү континент аралык, деңизден кое берилчү "Булава" ракетасын куралданууга алды. Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье жазды.
"7-майда куралданууга деңизден кое берилчү континент аралык "Булава" ракетасын кабыл алуу боюнча жарлык чыкты", — деп айтылат маалыматта.
"Булаваны" жасоо тарыхы бул жааттагы өнөр жай тармагын кыйынчылык коштогон 1990-жылдардын аяк ченинде башталган. Андан бери бир канча сыноолор өтүп, көбү ойдогудай болду.
Учурда Россиянын Куралдуу күчтөрүндө "Булаваны" суу алдындагы жети кеме алып жүрөт. Алар заманга бап келген стратегиялык маанидеги суу алдындагы крейсерлер — 955 долбоору ("Борей") жана 955А ("Борей-А") долбоору.
Ар бир "стратегдин" бортунда 16-20 чакты ракета бар. Жети крейсер 1000 термоөзөктүк гиперүндүү, кубаты 100-150 килотоннага чамалап барган блокторду ташый алат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Гранат-4" эмнеге жөндөмдүү. Инфографика