БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Москва менен Пекин кызматташуу боюнча жетерлик олуттуу тажрыйба топтоду. Мындай пикирин РФ лидери Владимир Путин Кытай башчысы Си Цзиньпинь менен тар курамдагы форматта жолугуп жатканда айтканын РИА Новости жазды.
"Москва менен Пекин иштиктүү кызматташтыктын бир топ эле олуттуу тажрыйбасын топтоп алды", — деди Путин.
Ал 2023-жылы эки тараптуу товар жүгүртүү чейрек көлөмгө көбөйүп, жакшы көрсөткүчкө — 227 миллиард долларга жеткенин белгиледи.
Президент Кытай соода-экономикалык тармакта Россиянын башкы өнөктөшү экенин айткан.
"Россия өткөн жылдын жыйынтыгы менен алганда Кытайдын соода жаатындагы өнөктөш өлкөлөрүнүн арасында 4-орунга чыкты. Мында сиздин 2023-жылы март айында Москвага жасаган сапарыңыз учурунда 2030-жылга чейинки орус-кытай экономикалык кызматташуусунун негизги багыттарын өнүктүрүү боюнча пландын бекитилиши өзүнүн жакшы ролун ойноду", — деген ал Си Цзиньпинге кайрылып жатып.
Россия лидери алака-катташтагы приоритет багыт катары энергетиканы, өнөр жайды жана айыл чарбасын атады. Жогорку технологиялар, инновациялар, курулуш жана транспорт инфраструктурасы боюнча кызматташуунун маанилүү экенине токтолду.
Гуманитардык жааттагы алака да өзүнүн нугу менен бара жатканын, 2024-2025-жылдары Россия менен Кытайдын маданияттарынын эриш-аркак жылы болорун белгилеген.
РИА Новостинин кабарчысы эки лидердин сүйлөшүүсүнөн кийин кеңири курамдагы жолугушуусу башталганын билдирди.
Эске салсак, бул күндөрү Путин Кытайда расмий сапар менен жүрөт. Бүгүнкү иш-чара анын Пекиндеги Элдик жыйын үйүнө келиши менен башталды.