БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Россия менен Кытайдын ортосундагы өз ара соода жана инвестиция үчүнчү өлкөлөрдүн терс таасиринен ишенимдүү корголот. Бул тууралуу Владимир Путин Пекинде Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында билдиргенин РИА Новости жазды.
Путин Кытайга мамлекеттик сапар менен кечээ түнү барган. Бул орус лидеринин кызматка киришкенден берки биринчи чет өлкөгө болгон сапары.
"Орус-кытай коммерциялык операцияларында рубль менен юандын үлүшү 90 пайыздан ашты. Бул өз ара соода жана инвестиция үчүнчү өлкөлөрдүн терс таасиринен жана дүйнөлүк валюта рыногундагы терс тенденциялардан ишенимдүү корголду деп айта алабыз дегенди билдирет", — деди россиялык лидер.
Анын айтымында, соода-инвестициялык байланыштарды тереңдетүүдө Россия менен Кытайдын ортосундагы төлөмдөрдү улуттук валютага которуу боюнча өз убагында макулдашылган кадамдар олуттуу жардам берди.
Владимир Путин Си Цзиньпин менен эки өлкө ортосундагы кредиттик жана банктык мекемелер аркылуу байланыштарды мындан ары да бекемдөөгө, эки өлкөнүн экономикалык операторлорун тейлөө үчүн улуттук төлөм системаларын жигердүү колдонууга макулдашканын кошумчалады.