БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Нарын облусунда башталгыч класстардан баштап IT программалары боюнча сабактарды киргизүү тажрыйбаланат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалыматка ылайык, демилгени облуста пилоттук негизде ишке ашыруу боюнча Билим берүү министрлигине сунуш берилет.
"Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө IT программасын мектептерге киргизүү боюнча жыйын өткөрүлүп, билим берүү тармагынын, IT компанияларынын өкүлдөрү, мектеп директорлору менен бирдикте бул маселе кеңири талкууланды", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле 2025-жылга чейин Кыргызстанга 50 миңге жакын IT-адис керек экени белгиленген.
Демилгенин негизги максаты — аймактарда туруп дүйнө жүзү менен иштешүүгө шарт түзүү.