Робототехника, чай аземи. "Музейдеги түн" акциясы кандай өтөрү айтылды

"Музейдеги түн" акциясынын алкагында этномода көргөзүлүп, чеберлер, усталар ар кандай элдик өнөрлөрдү үйрөтүшөт.
Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Эл аралык музейлер күнүнө карата 18-майда республика боюнча "Музейдеги түн" иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын алкагында улуттук баалуулуктар, искусство жана башка маданий программалар уюштурулат.
Улуттук тарых музейинде бул күнү 50гө жакын иш-чара өтөт.
"Көргөзмө залдарында тарыхый каармандардын сүрөттөрү, "космос дүйнөсүнүн" авиациялык моделдери, робототехника, улуттук оюндар, искусствонун ар кандай түрлөрү боюнча мастер-класстар өтөт. Ошондой эле Кытайдын музыкалык аспаптары, улуттук кийимдери, каллиграфиялык жазуу ыкмалары жана чай аземи көрсөтүлөт. Мындан тышкары, араб, рун жазуулары боюнча кызыктуу программалар сунушталат", — деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле манас айтылып, комуз күүлөрү аткарылат. Этномода көргөзүлүп, чеберлер, усталар ар кандай элдик өнөрдү үйрөтүшөрү белгиленди.
Музейлерге кирүү акысыз болот.
Депутат кыргыз санжырасы тууралуу музейлерди түзүү мыйзам долбоорун сунуштады