Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Ээси америкалык болгон. Украинадагы мобилизациядан бошотулгандар

Мобилизациялоодо да өң-тааныштык болгонун парламентарий айтып чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Украинада цирктер эле "өлкөнүн жашоосу үчүн" маанилүү эмес, буга букмекердик кеңселер менен ээси америкалык болгон компаниялар да кирет. Бул тууралуу Sputnik Ближнее зарубежье жазды.
Бул жайларда иштегендерди мобилизациядан алып калышканын Украинанын Жогорку Радасынын улуттук коопсуздук боюнча комитетинин башчысы Александр Федиенко билдирген.
"Бронь" алгандардын арасында "Фафбет Тек" деп аталган онлайн-казинону программалык жактан камсыздаган фирманын кожоюну жана америкалык "Виза Украина" консалтинг компаниясынын кызматкерлери бар", — деп айтылат Sputnik Ближнее зарубежье жазган маалыматта.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Пентагон аудитору: АКШнын Киевге жардам жөнөтүүсүнөн коррупция аныкталды