Малы оорулуу экенин билип туруп сойгон. Күйдүргү жуктурду делген адам тууралуу

Ал киши туугандары менен музоону союп, этин сатуучуларга 8,5 миң сомго саткан. Азыр эт кайда экени белгисиз.
Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Күйдүргүгө шектелип жаткан бейтаптын абалы орточо оор экенин Саламаттык сактоо министрлигинин карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар боюнча республикалык борборунун бөлүм башчысы Кубанычбек Бектурдиев Sputnik Кыргызстан радиосуна билдирди.
Анын айтымында, адистер жерине барып мал союлган жердеги топурактын үлгүсүн жана кандын калдыктарын алышкан. Учурда лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлүүдө, жыйынтыгы жакынкы күндөрү даяр болот.
"Бейтаптын оорулуу музоосу болгон. Ал малдын ылаңын билчү. Аны союуга бейтаптын төрт тууганы катышкан. Эт алып-сатарларга 8,5 миң сомго берилген. Ал киши үйүндө малдын буту-колун гана калтырган. Айтымында, ич этин ыргытып жиберген. Бирок кайсы жерге таштаганын көрсөткөн эмес. Биздин кызматкерлер ветеринарлар жана башка адистер менен кошо жерине барып, малдын союлган жерин аныкташты. Ал жерден кыртыштын үлгүсү, топурактагы кандын калдыктары, жаныбардын буту-колу алынды", — деди Бектурдиев.
Ал белгилегендей, бейтап алгач Кемин райондук жалпы практика борборуна түшүп, ал жердегилер так диагноз коё алышкан эмес. Абалы оорлой баштаганда киши Бишкектеги Улуттук хирургия борборуна кайрылган.
"Хирургиялык борбордун дарыгерлеринин күйдүргүнү аныктоодо тажрыйбасы бар болгондуктан, Жугуштуу илдеттер ооруканасына жөнөтүлгөн. Учурда дарыланууда. Эркектин абалы орточо оор, колунда жаралар бар. Хирургдар анын жарасын ачышкан", — деди Бектурдиев.
Адис бейтаптын алдын ала ПЦР анализи күйдүргү оорусуна терс жыйынтык бергенин, анткени ал антибиотиктерди ичип жүргөнүн кошумчалады.
Травматолог адамдар өздөрү байкабай жүргөн оору тууралуу түшүндүрдү