Чүй облусунда Wildberries ири логистикалык борбору курулат

Долбоорду ишке ашыруу боюнча меморандумга "Россия — ислам дүйнөсү: Kazan Forum 2024" эл аралык экономикалык форумунун алкагында кол коюлду.
Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Чүй облусунда аянты 300 миң чарчы метрди түзгөн Wildberries логистикалык борборун куруу пландалууда. Бул тууралуу КР Экономика жана соода министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, инвестициялык долбоорду ишке ашыруу боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга КР Экономика министрлигинин, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана Wildberries ЖЧКсынын өкүлдөрү кол коюшту. Документке "Казань Экспо" эл аралык көргөзмө борборунда "Россия— ислам дүйнөсү: Kazan Forum 2024" эл аралык экономикалык форумунун алкагында кол коюлду.
"Чүй облусунда трансчекаралык электрондук сооданы тейлөө үчүн аянты 300 миң чарчы метрди түзгөн заманбап логистикалык борбор куруу пландаштырылууда. Бул жаңы чакан жана орто ишканаларды, подрядчыларды, сатып алуучуларды өнүктүрүү жана пайда кылуу аркылуу жумуш орундарын көбөйтүүгө жардам берет. Ошондой эле Россия менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын маанилүү мезгили болуп калат", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин инвестициянын көлөмү болжол менен 8 миллиард рубль (дээрлик 100 миллион доллар) болушу мүмкүн экени айтылган.
Бүгүнкү күндө Бишкек жана Ош шаарларында Wildberries онлайн-дүкөнүнүн эки сорттоочу борбору жана Кыргызстан боюнча 130дан ашык заказдарды жеткирүү пунктулары бар.
Кыргызстанда электрондук коммерция тез өнүгүүдө. Маркетплейске 17 миңден ашуун кыргызстандык сатуучу катталган (2022-жылы алардын саны 7 миңге жакын болчу).
Министрлик Ош менен Баткенге соода-логистикалык борбор курууга өнөктөш издөөдө