Кеминде күйдүргүгө шектелип эркек киши ооруканага жаткырылды

Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Кеминде 34 жаштагы адам күйдүргүгө шектелип ооруканага жаткырылды. Маалыматты Республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев тастыктады.
Ага ылайык, 3-май күнү торпок союлуп, 80-100 килограмм эт таратылган.
Эпидемиологдор мал аталган илдетке каршы эмдөө албаган болушу мүмкүндүгүн айтышууда. Ветеринардык маалым каты жок эт сатып алуу кооптуу экени эскертилди.
Буга чейин Жалал-Абаддан келген аялдан күйдүргү аныкталганын Бишкек шаарындагы Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору маалымдаган. Медиктер илдет мал этинен жукканын божомолдоп жатышкан. Анткен менен Ветеринардык кызмат бейтап илдет жуктуруп алды делген малдын эти таза экенин билдирген.
Радио
Сотовалдиев: күйдүргү менен үй жаныбарларынын баары ылаңдайт