Ташиев Кара-Суудагы “Манас” стадионун жыл этегине чейин оңдоону тапшырды

Комплекстин реконструкциясы боюнча эскиздик долбоор көрсөтүлдү.
Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Кыргыз футбол биримдигинин президенти, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суудагы “Манас” стадионун жыл этегине чейин оңдоо тапшырмасын берди. Бул тууралуу аталган спорттук уюм кабарлады.
1 / 4

Кыргыз футбол биримдигинин президенти, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суудагы “Манас” стадионун жыл этегине чейин оңдоо тапшырмасын берди

2 / 4

Ташиев “Манас” спорт комплексинде жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана шаардын тургундары менен жолуккан

3 / 4

Жыйындын жүрүшүндө комплекстин реконструкциясы боюнча эскиздик долбоор көрсөтүлгөн

4 / 4

Жергиликтүү жетекчилик трибуналарды куруу, чуркоочу аянтчаларды орнотуу, комплекстин айланасын көрүктөндүрүү боюнча иштерди ушул жылдын аягына чейин бүтүрүү милдетин алган

Ташиев “Манас” спорт комплексинде жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана шаардын тургундары менен жолуккан.
Жыйындын жүрүшүндө комплекстин реконструкциясы боюнча эскиздик долбоор көрсөтүлгөн.
Жергиликтүү жетекчилик трибуналарды куруу, чуркоочу аянтчаларды орнотуу, комплекстин айланасын көрүктөндүрүү боюнча иштерди ушул жылдын аягына чейин бүтүрүү милдетин алган.
Ал эми Кыргыз футбол биримдиги КРдин Футболду өнүктүрүү фондунун жардамы менен спорт комплекстин стадионунда жаңыланган газон менен жарыктандыруу шам чырактарын камсыз кылмай болду.
Жалал-Абаддагы "Курманбек" стадиону оңдолуп бүттү. Сүрөт