Жаан-чачындан улам бул жылы эгин эгүү иштери жылдагыдан кеч жүрүүдө

Быйыл былтыркы жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу эгин 38 миң гектарга аз жерге айдалган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Жаан-чачындуу аба ырайынан улам жазгы талаа иштери быйыл жай жүрүүдө. Улуттук статистика комитети республикада жана аймактарда канча гектар жерге эгин эгилгенин жарыялады.
Мекеме 23-апрелге чейинки жыйынтыкты чыгарган. Ага ылайык, өлкө аймагы боюнча жалпысынан 376 миң гектарга жаздык өсүмдүктөр себилген. Бул былтыркы жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 38 миң гектарга же 9 пайызга аз.
Анын ичинен эгин Чүй облусунда көп эгилди. Өлкөдөгү жазгы талаа иштери аткарылган аянттын 45 пайызы Чүй облусунда, 20 пайызы Ош облусунда, 12 пайызы Ысык-Көл жана дагы 12 пайызы Жалал-Абадда.
Статком, мындан тышкары, үстүбүздөгү жылдын апрель айында дыйкандар тарабынан 68,5 миң гектар аянттагы күздүк эгиндер азыктандырылганын кошумчалады.