Радио

ЕАЭБ аймагында илимий даражалар өз ара тааныла баштады

Президентке караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын төрайымы, медицина илимдеринин доктору, профессор Бакыт Тыналиева ЕАЭБдин ар бир өлкөсүндө илимий даражаны таануу жол-жоболору, талаптары ар башка экенин айтты.
Sputnik
2-майда Евразия экономикалык биримдигинин мамлекеттеринде окумуштуулук даражалар жөнүндө документтерди өз ара таануу жөнүндө макулдашуу күчүнө кирди. Ага 2023-жылдын 8-июнунда Сочиде Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунда кол коюлган. Бул тууралуу Бакыт Тыналиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 2015-жылдан бери ЕАЭБде ченемдик-укуктук актыларды либералдаштыруу жаатында чоӊ жумуштар жасалды.
"Макулдашуу ЕАЭБ аймагында эмгек ресурстарынын эркин кыймылын камсыздоо аркылуу эмгек рыногун чыңдоого багытталган. Ошондой эле жарандардын кесиптик ишмердигине жетүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт. Эми беш өлкөнүн жарандарынын окумуштуулук даражасы жөнүндө улуттук документтер биримдиктин башка мамлекетинде эмгек ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруу үчүн автоматтык түрдө таанылат. Буга мындай документтердин ээлери иш берүүчү мамлекетте окумуштуулук даражасы үчүн белгиленген үстөктөргө же жеңилдиктерге талапкер болгон учурлар кирбейт. Макулдашуу илимий кадрлар менен алмашууну шыктандырат жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн билим берүү системаларынын интеграциясын камсыздайт. Университеттер менен илим-изилдөө институттарынын ортосундагы илимий байланыштарды мындан ары чыңдоого мүмкүндүк берет. 2015-жылдан бери ЕАЭБде ченемдик-укуктук актыларды либералдаштыруу жаатында чоӊ жумуштар жасалды. Учурда илимий даражаларды өз ара таануу боюнча бир пикирге келдик. Алдыда илимий наамды бирдей даражада кылуу жумушу турат. Анткен менен ЕАЭБдин ар бир өлкөсүндө илимий даражаны таануу жол-жоболору, талаптары ар башка. Быйыл Улуттук илимдер академиясынын 70 жылдык мааракесине арналган иш-чарага Жогорку аттестациялык комиссиянын өкүлдөрүн чакырып, бул маселени талкуулоону сунуштап жатам", — деди Тыналиева.
Ал 2023-жылдан тарта Кыргызстанда илимдин докторлору 2 700 сом, ал эми кандидаттар 1 350 сом кошумча каражат ала баштаганын белгиледи.