Боомдо төрт күн бою таш кулатылат

Министрлик жолго чыкчу убакытты алдын ала пландап алууну сунуштады.
Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 129-чакырымындагы Боом капчыгайында төрт күн бою таш кулатыла турганын "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти.
Маалыматта иштер 20-майда башталып, 24-майга чейин созулары айтылган.
"Таштар саат 9:00дөн 15:00гө чейин кулатылат. Бул убакытта жол жарым-жартылай жабылат. Трассаны тазалоо учурунда транспорт бир тилке менен жүрөт. 30-40 автоунаа топтолуп калса таш кулатуу иштери токтотулмакчы", — деп айтылат кабарда.
Министрлик жолго чыкчу убакытты алдын ала пландап алууну сунуштады.
Кайрадан жаан жаап, сел жүрүшү ыктымал. Шашылыш билдирүү