Депутат май куюучу жайларды Бишкектин четине чыгарууну сунуштады

Административдик-аймактык реформа аяктагандан кийин 126 май куюучу жай болот.
Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев Бишкектеги май куюучу жайларды шаардын сыртына чыгарууну сунуштады.
Депутат бул боюнча токтом же мыйзам кабыл алуу зарылдыгын белгиледи.
"Бишкекте 96 май куюучу жай бар. Административдик-аймактык реформа аяктагандан кийин 126 май куюучу жай болот. Ошолорду шаардын сыртына чыгаралы. Ошондо аба таза болуп, ден соолукка зыян келтирбейт", — деди эл өкүлү.
Маселе боюнча тиешелүү комитеттерге протоколдук тапшырма жөнөтүлдү.
Кыргызстан Россиядан бензинди көп сатып ала баштады