"Манас" аэропортуна бомба коюлду делген маалымат тастыкталган жок

Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. "Манас" аэропортуна бомба коюлду деген маалымат тастыкталган жок. Бул тууралуу аба майдан билдирди.
Буга чейин жардыруучу зат коюлду деген билдирүүдөн улам аэропорттогу эл эвакуацияланганы айтылган. Жеринде тийиштүү органдардын кызматкерлери иш алып барды.
Учурда аэропорттун иши өз нугу менен уланууда.
Буга чейин да бир нече жолу борбор калаанын имараттарына бомба коюлгандыгы боюнча маалыматтар түшүп, текшерүүдөн кийин тастыкталган эмес. УКМК мындай жорук жасоого Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренесине ("Терроризм акты жөнүндө атайылап жалган билдирүү") ылайык, кылмыш-жаза жоопкерчилиги — 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу каралганын эскерткен.
Мектепке бомба коюлду деп маалымат таратууга шектелген төрт өспүрүм кармалды