Радио

Кыргызстан КМШда биринчи болуп "Адал индустриясы жөнүндө" мыйзам кабыл алды

Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Адал индустрияны өнүктүрүү боюнча борбордун жетекчисинин орун басары Алмаз Үсөнгул уулу Казанда өтүп жаткан ислам дүйнөсүнүн экономикалык форуму инвестициялык потенциалды жогорулатарын айтты.
Sputnik
Казань шаарында өтүп жаткан "Россия-ислам дүйнөсү: Казань форуму — 2024" XV эл аралык экономикалык форумунда Кыргызстан адал индустриясын өнүктүрүүдөгү тажрыйбасы менен бөлүшөт. Кыргызстан КМШ өлкөлөрү арасында алгачкылардан болуп "Адал индустриясы жөнүндө" мыйзамды кабыл алып, чоң кадам жасалганын Алмаз Үсөнгул уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, форум Россия менен ислам мамлекеттеринин ортосундагы экономикалык өз ара аракеттенүүнүн негизги платформасына айланды.
"Казань шаарында өтүп жаткан "Россия-ислам дүйнөсү: Казань форуму — 2024" XV эл аралык экономикалык форумуна 80ге жакын өлкөнүн өкүлдөрү эл аралык алака, экономика, туризм, бизнес, илим жана технология, исламдык каржылоо жана инвестиция, спорт, адал индустрия жана башка багыттагы маселелерди талкуулашат. Бул форум 2009-жылдан бери уюштурулуп, акыркы эки-үч жылда федералдык масштабда өтүүдө. Кыргызстандын делегациясын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев жетектеп, тишелүү мамалекеттик органдар, ишкерлер катышууда. Кыргызстан адал индустриясын өнүктүрүүдөгү тажрыйбасы менен бөлүшөт. Биз КМШ өлкөлөрү арасында алгачкылардан болуп "Адал индустриясы жөнүндө" мыйзамды кабыл алып, чоң кадам жасадык" ,— деди Үсөнгул уулу.
Ошондой эле адис эл аралык кызматташтык жана инновация, ислам принциптери менен каржылоого, эл аралык өндүрүштүк кооперацияларды түзүү, ислам финансылык технологияларга байланышкан чечимдерге басым жасаларын кошумчалады.