17-майга карата аба ырайы

17-майга караган түнү айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 16-Май. — Sputnik. 17-май, жума күнү, күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй жана Нарында +23...+28, Талас, Ысык-Көл аймактарында +22...+27, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө +25...+30 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаада +25...+27, Ош шаарында +28...+30 градуска чейин көтөрүлөт.
Боомдо төрт күн бою таш кулатылат