Бишкекте 18-майда "Музейдеги түн" акциясы өтөт. Музейлерди кантип популярдуу жана элге жакын кылуу керек

Sputnik
1978-жылдан тарта жыл сайын 18-майда дүйнөдө Эл аралык музейлер күнү белгиленет. Бул күнү музейлер бардык каалоочулар үчүн эшигин толугу менен акысыз ачышат жана көргөзмө залдарын, жаңы экспонаттарды көрсөтүшөт. Бишкектин музейлеринде да Эл аралык салттуу Музейлер күнүнѳ карата “Музейдеги түн” акциясы ѳткѳрүлѳт. Быйыл кандай өзгөчөлүктөр болот? Кыргызстандагы музейлердин ишин жакшыртуу үчүн кандай иштер жасалууда?