Радио

Министрлик: быйыл жер семирткичтер боюнча маселе жаралбайт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Самат Насирдинов жер семирткичтерди өлкөгө ташып келүү, сатуу боюнча көзөмөл күчөтүлөрүн айтты.
Sputnik
Ушул жылдын 1-апрелине карата республикага бардыгы болуп 45,2 миң тонна жер семирткич ташылып келген. Быйыл бул маселе боюнча көйгөй жаралбай турганын Самат Насирдинов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө жер семирткичтердин наркы 25-38 сомдун тегерегинде болууда.

"Ушул жылдын 1-апрелине карата республикага бардыгы болуп 45,2 миң тонна жер семирткич ташылып келген. Быйыл бул маселе боюнча көйгөй жаралбайт. Үрөн, жер семирткичтерди аткезчилик менен ташып келүү фактылары да катталып келген. Бул боюнча көзөмөл күчөтүлүп, сапаты да каралып жатат. Кыргызстанга жер семирткич көбүнесе Россия, Түркия, Кытай, Өзбекстандан келип, учурда импорттон көз каранды болуп турабыз. Ага карабастан дүйнөлүк рынокко салыштырмалуу жер семирткичтин баасы дыйкандар үчүн абдан ыңгайлуу. Алсак, учурда алардын наркы 25-38 сомдун тегерегинде болууда", — деди Насирдинов.

Ошондой эле ал жер семирткичтерди туура пайдалануу, сактоо максатында дыйкандар менен тыгыз иштешип, маалыматтык кампания да жүрүп жатканын кошумчалады.