"Жеңиш каттары" акциясынын катышуучулары сыйланды

Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. "Жеңиш каттары" акциясынын катышуучулары баалуу белектер менен сыйланды.
Ага өлкөнүн жети дубанынан 300дөй катышуучу үй-бүлөлүк, мамлекеттик архивдердеги фронттон келген каттарды көркөм окуп, видео тартып жөнөтүшкөн.
1 / 3

"Жеңиш каттары" акциясынын катышуучулары баалуу белектер менен сыйланды.

2 / 3

Ага өлкөнүн жети дубанынан 300дөй катышуучу үй-бүлөлүк, мамлекеттик архивдердеги фронттон келген каттарды көркөм окуп, видео тартып жөнөтүшкөн

3 / 3

Иш-чараны активист Амантур Манапбаев баштаган демилгечи топ Казань федералдык университети жана Мамлекеттик башкаруу академиясынын колдоосу менен уюштурду

Иш-чараны активист Амантур Манапбаев баштаган демилгечи топ Казань федералдык университети жана Мамлекеттик башкаруу академиясынын колдоосу менен уюштурду. Максаты — жаштарды патриоттуулукка тарбиялоо, ата-бабалардын эрдигин эскерүү.
"Негизги максат белектерде эмес, ата-бабалардын жазган каттарын дагы бир ирет жүрөктөн өткөрүп сезип көрүү", — деди Манапбаев.
Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө ноутбук, акыркы үлгүдөгү эки планшет, беш зымсыз кулакчын жана Ардак грамоталар тапшырылды.
150 баланы багып алган 18 жаштагы кыз. Кыргыз элинин эрдиги жөнүндө видео