Жалал-Абаддагы "Курманбек" стадиону оңдолуп бүттү. Сүрөт

Стадион Азия футбол конфедерациясынын, Эл аралык футбол федерациясынын талаптарына толугу менен жооп берет.
Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Жалал-Абад шаарындагы "Курманбек" стадиону толук реконструкциялангандан кийин пайдаланууга берилгенин Кыргыз футбол союзу маалымдады.
1 / 5

Жалал-Абад шаарындагы "Курманбек" стадиону толук реконструкциялангандан кийин пайдаланууга берилди

2 / 5

Билдирмеге ылайык, анда 5000 көрүүчүгө орундуктар, жарык берүүчү чырактар орнотулуп, бөлмөлөр оңдоп түзөлгөн

3 / 5

Мындан тышкары, Кыргызстанда биринчи жолу аталган стадионго VAR-системасы (калыстар видео аркылуу көрүү мүмкүнчүлүгү – ред.) орнотулары маалымдалды

4 / 5

Ачылыш аземине Кыргыз футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев да катышкан

5 / 5

Объектинин ачылышынан кийин дароо Кыргыз Республикасынын 1XBET премьер-лигасынын "Мурас Юнайтед" жана "Илбирс" командаларынын беттеши башталган

Билдирмеге ылайык, анда 5000 көрүүчүгө орундуктар, жарык берүүчү чырактар орнотулуп, бөлмөлөр оңдоп түзөлгөн. Мындан тышкары, Кыргызстанда биринчи жолу аталган стадионго VAR-системасы (калыстар видео аркылуу көрүү мүмкүнчүлүгү – ред.) орнотулары маалымдалды.
"Оңдоо иштери Кыргыз футбол союзу жана Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан аткарылган. Стадион Азия футбол конфедерациясынын, Эл аралык футбол федерациясынын талаптарына толугу менен жооп берет. Анда эл аралык расмий оюндарды өткөрүүгө болот", – деп айтылат маалыматта.
Ачылыш аземине Кыргыз футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев да катышкан. Объектинин ачылышынан кийин дароо Кыргыз Республикасынын 1XBET премьер-лигасынын "Мурас Юнайтед" жана "Илбирс" командаларынын беттеши башталган.
Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионду реконструкциялоо 10-июнда башталат