ЕАЭБ талапка жооп бербеген гигиеналык каражаттардын өндүрүшүн кыскартат

ЕЭК Кеңеши Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө алынуучу продукциялардын бирдиктүү тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизди.
Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш болгон продукциялардын бирдиктүү тизмеси ооз көңдөйүнүн гигиеналык каражаттары боюнча пункт менен толукталды. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.
ЕЭК Кеңеши Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө алынуучу продукциялардын (товарлардын) бирдиктүү тизмегинин экинчи бөлүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизди.

"Кеңештин чечими ооз көңдөйүнүн гигиеналык каражаттарын жана шайкештигин баалоодон өтпөгөн буюмдардын биримдик рыногуна жүгүртүүгө чыгуусун минималдаштырууга, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү (контролду) жүргүзүүдө укуктук боштукту жоюуга мүмкүндүк берет", — деп айтылат маалыматта.

ЕАЭБде оюнчуктардын коопсуздугун арттыруу боюнча иштер жүрүүдө