Депутаттар шайлоо алдындагы үгүтчүлөрдүн санын азайтуу мыйзамын четке кагышты

Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин жыйынында "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" конституциялык мыйзамды четке кагышты.
Мыйзам долбоору шайлоо процессин өркүндөтүү максатында иштелип чыкканы белгиленди. Мыйзам долбоору шайлоо алдында үгүтчүлөрдүн санын кыскартууга багытталган.
Талкуунун жүрүшүндө депутаттар бул демилгеге каршы чыгып, жыйынтыгында мыйзам долбоору четке кагылды.
Президент Ноокат жана Ысык-Көлдө мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындады