Депутат: мага демектен атасынын атын койсун, бирок Манаска тийбесин

Депутат айрым алкоголь чыгарган ишканалар үчилтикти коргогон мыйзамдарды этибарга албай арак-шарапка эпостогу аталыштарды колдонгонуна нааразы болду.
Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов алкоголдук продукциянын аталышына улуттук баатырлардын атын колдонууга каршы чыкты.
Ал айрым мыйзам актыларга өзгөртүү сунуштаганын, бирок Экономика жана коммерция министрлиги мыйзам долбооруна атайын талдоо талап кылганын белгилеген.
"Манас", "Семетей", "Сейтек" деп аталган алкоголдук ичимдиктердин курамын эмес, аталышын өзгөртүүнү сунуштап жатам. Бул ишканалар мага демектен атасынын же баласынын атын коюп алышсын. Болгону руханий башатыбыз болгон "Манас" эпосундагы оң каармандардын атын пайдаланбасын", — деди Икрамов.
Ошондой эле ал айрым алкоголь чыгарган ишканалар үчилтикти коргогон мыйзамдарды этибарга албай продукцияга эпостогу аталыштарды колдонгонун белгиледи.
"Бул алкоголдук продукциялар чет өлкөлөргө экспорттолот, алар Манасты коньяк катары таанып жатат. Бул — улутту, мамлекетти шылдыңдоо. Мамлекетке идеология керекпи же ичкиликтен түшкөн арзыбаган акча керекпи?! Бул — ар-намыс маселеси", — деди депутат.
Эл өкүлү маселе боюнча протоколдук тапшырма берүүнү айтып, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевден көзөмөлгө алуусун өтүндү.
Малдан айырмасы жок! Икрамов айрым айдоочуларга чара көрүүнү сунуштады