СССРде жасалган Р-7 Байкоңурдан учуп, Камчаткадагы бутаны талкалаган. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Континенттер аралык баллистикалык ракета дүйнөдө биринчи жолу СССРде жасалып, 1957-жылы 15-майда учурулган.
Тарыхый видеону Sputnik Ближнее зарубежье жарыялады.
Ал үчүн Казакстандын Байкоңур айылынын аймагына полигон курушкан. Келечектеги космодром жашыруун объект катары салынып, 1957-жылы Р-7 үчүн көтөрүлө турган комплекс даяр болгон.
Биринчи ирет учурашканда ракета абадан эле күйүп кеткен. Бирок конструкция ийгиликтүү болгондуктан август айында процесс кайра жанданган. Байкоңурдан көтөрүлгөн Р-7 Камчаткадагы бутаны талкалаган.
Анын жардамы менен орбитага Жердин жасалма жандоочусун алып чыгышкан, ал эми 1961-жылы Юрий Гагарин түшкөн "Восток-1" космос кемесин учурушкан. Р-7 артынан ташып-жеткирген ракеталардын бир тобун жаратууга өбөлгө түзүп, "Восток", "Союз" азыр да колдонулуп келет.
Кыргызстанда туулуп-өскөн космонавттар Улуттук музейге барышты. Видео