Кайрадан жаан жаап, сел жүрүшү ыктымал. Шашылыш билдирүү

Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. 16-18-май күндөрү нөшөрлөп жаан жаап, сел жүрүү ыктымалдыгы жаралат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, күндүн ысышынан жана күтүлүп жаткан жамгырдан улам Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу аймактарында жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Өлкө аймагында дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
ӨКМ селдин жүргөн себептерин санап берди