Садыр Жапаров Малайзиянын премьер-министрин чоң салтанат менен тосуп алды

Өлкө жетекчилери протоколдук иш-чаралардан кийин кеңири форматтагы сүйлөшүү залына өтүшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Бишкекте президент Садыр Жапаров менен Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
1 / 4

Бишкекте президент Садыр Жапаров менен Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү

2 / 4

Өлкө жетекчилери протоколдук иш-чаралардан кийин кеңири форматтагы сүйлөшүү залына өтүштү. Анын жүрүшүндө мамлекет башчы эки өлкөнүн ортосунда 1992-жылы дипломатиялык байланыштар түзүлүп, кызматташуу уланып келе жатканын белгиледи

3 / 4

Ошондой эле президент малайзиялык ишкерлерди инвестиция салууга чакырып, ал үчүн бардык шарттар түзүлгөнүнө токтолду

4 / 4

Мындан тышкары, ал Кыргызстан диний чөйрөдө кызматташууга кызыкдар экенин айтты

Өлкө жетекчилери протоколдук иш-чаралардан кийин кеңири форматтагы сүйлөшүү залына өтүштү. Анын жүрүшүндө мамлекет башчы эки өлкөнүн ортосунда 1992-жылы дипломатиялык байланыштар түзүлүп, кызматташуу уланып келе жатканын белгиледи.

"Малайзия экономикасынын өнүгүүсүнүн модели жана жетишкендиктери "Азия жолборсу" наамына татыктуу болгондугун билебиз. Бул модель башка өлкөлөр, биздин аймак үчүн көрүнүктүү үлгү болуп саналат. Өз кезегинде Кыргызстан да келечекте өзүнүн өнүгүү жолунда "Борбор Азия илбирси" болоруна тилектешмин", — деди өлкө башчы.

Ошондой эле президент малайзиялык ишкерлерди инвестиция салууга чакырып, ал үчүн бардык шарттар түзүлгөнүнө токтолду. Мындан тышкары, ал Кыргызстан диний чөйрөдө кызматташууга кызыкдар экенин айтты.
Кыргызстанга Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим келди