Путин жаңы өкмөттү дайындоо боюнча жарлыктарга кол койду

Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин жаңы өкмөттүн курамын бекиткен жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Мамлекет башчысы төмөнкүлөрдү дайындады:
Денис Мантуров — биринчи вице-премьер;
Виталий Савельев — транспорт тармагын тейлеген вице-премьер;
Дмитрий Патрушев — айыл чарба жана экологияны тескеген вице-премьер;
Александр Новак — отун-энергетикалык комплекс жана экономикалык блок боюнча вице-премьер;
Дмитрий Григоренко — вице-премьер жана өкмөттүн аппарат жетекчиси, каржы-көзөмөл чөйрөсүн, санариптик өнүктүрүүнү жана байланышты, монополияга каршы саясатты көзөмөлдөйт;
Дмитрий Чернышенко — вице-премьер, илим жана жогорку билим берүү, туризм, спорт, маданият жана массалык маалымат каражаттарын көзөмөлдөйт;
Татьяна Голикова — вице-премьер, социалдык блок жана улуттар иштери боюнча федералдык агенттик боюнча жооптуу;
Марат Хуснуллин — курулуш жана аймактарды өнүктүрүү боюнча вице-премьер;
Алексей Оверчук — эл аралык маселелер боюнча вице-премьер;
Юрий Трутнев — вице-премьер, президенттин Ыраакы Чыгыш федералдык округундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.
Укук коргоо органдарын жана Тышкы иштер министрлигин төмөндөгүлөр ээлейт:
Андрей Белоусов — коргоо министри;
Сергей Лавров — тышкы иштер министри;
Владимир Колокольцев — ички иштер министри;
Константин Чуйченко — юстиция министри;
Александр Куренков — өзгөчө кырдаалдар министри.
Өкмөттүн башка мүчөлөрү:
Роман Старовойт — транспорт министри;
Антон Алиханов — өнөр жай жана соода министри;
Сергей Цивилев — энергетика министри;
Оксана Лут — айыл чарба министри;
Михаил Дегтярев — спорт министри;
Антон Котяков — эмгек жана социалдык коргоо министри;
Александр Козлов — жаратылыш ресурстары жана айлана-чөйрөнү коргоо министри;
Сергей Кравцов — агартуу министри;
Ольга Любимова — маданият министри;
Максим Решетников — экономикалык өнүктүрүү министри;
Антон Силуанов — финансы министри;
Михаил Мурашко — саламаттык сактоо министри;
Ирек Файзуллин — курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба министри;
Валерий Фальков — Билим берүү жана илим министри;
Алексей Чекунков — Ыраакы Чыгышты жана Арктиканы өнүктүрүү министри;
Максут Шадаев — санариптик өнүктүрүү, байланыш жана массалык коммуникациялар министри.
Мындан тышкары, президент кызматтардын директорлорун дайындады:
Сергей Нарышкин — Сырткы чалгындоо кызматынын директору;
Виктор Золотов — Росгвардиянын директору;
Александра Бортникова — Федералдык коопсуздук кызматынын директору;
Дмитрий Кочнев — Федералдык күзөт кызматынын директору;
Александр Линец — президенттин атайын программалар башкы башкармалыгынын жетекчиси.
Путин президенттик администрациянын жаңы курамын дайындады. Тизме